Свердлов жана Октябрь райондорунда көп балалуу энелер сыйланды

 Свердлов жана Октябрь райондорунда көп балалуу энелер сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-майындагы №151 жана 152 Жарлыгына ылайык Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында көп балалуу энелер сыйланды.
Ардак сыйлыктарды район башчысы Максатбек Саргазаков тапшырды.  Иш чарада 17 эне сыйланса, анын ичинен 9 эне “Баатыр эне” ордени, 8 эне медалдар менен сыйланган.
Белгилей кетсек, райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө 200 “Баатыр эне” каттоодо болсо, алардын 138 «Баатыр эне» ордени, 62 «Эне даңкы» медалдары бар.
Ошондой эле Октябрь районунун акими Азамат Дороев да көп балалуу энелерге сыйлык тапшырды. Иш чарада 22 эне сыйланса, анын ичинен 7 эне «Баатыр эне» ордени, 15 эне «Эне-Даңкы» медалы менен сыйланган.
Эскерте кетсек, КРнын Президентинин Жарлыгы менен 2012-жылдан бери “Энелер күнү” түзүлгөн, ал жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.

Связанный пост