Садыр Жапаров: Чек ара толук чечилмейин мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келе берет

 Садыр Жапаров: Чек ара толук чечилмейин мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келе берет

“Чек ара толук чечилмейин мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келе берет”,- деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында.

“Ага тилекке каршы соңку окуялар күбө. Дал ушундан улам бүгүнкү күндө үч коңшу өлкө менен чек ара маселелерин тактап алдык. Тажикстан менен чек араны тынчтык, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Эгемендүүлүк жылдан бери чечилбей келген чек ара маселесин кийинки муундарга калтырбай чечүүнү эң башкы максатыбыз деп колго алдык. Ата-бабалардан калган ыйык жерибизди келечек муунга табериктей сактап, өз калыбында өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз”, – деди президент.

Связанный пост