Сүйүнбек Касмамбетов Астана шаарында Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту
Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Казакстан Республикасына иш сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин кабыл алуусунда болду.
Жолугушууга ошондой эле, Түркиянын мурдагы президенти Абдуллах Гүл, Монголиянын мурдагы президенти Намбарын Энхбаяр дагы катышышты.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Касым-Жоомарт Токаевди кайрадан Казакстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктап, Казакстанда болуп жаткан реформаларды кубаттады.
Казакстандын мамлекет башчысы конокторду 20-21-декабрда, Астана шаарында өткөн биринчи Борбор Азия медиа форумуна катышып бергени үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Ал ар тараптуу кызматташтык жана маданий иш-чаралар өлкөлөр ортосундагы достукту, ынтымакты чыңдай тургандыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары жолугушууда Казакстандын президенти менен Кыргызстандын мамлекеттик катчысы кыргыз-казак достугу, эки элдин маданияты, өз ара бир туугандык алакасы боюнча пикир алмашышты.
Эскерте кетсек, өткөн жумада Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовду 2-даражадагы достук ордени менен сыйлоо жөнүндө буйрукка кол койгон.