Эмгек министрлиги: 388,8 миң адам мамлекеттик жөлөкпул алат

 Эмгек министрлиги: 388,8 миң адам мамлекеттик жөлөкпул алат
Үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 388,8 миң адамды түзөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Булардын ичинен 278,8 миң – балдар, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучулар.
Калктын кирешесинин, эмгек акынын жогорулашына байланыштуу, 2022-жылга салыштырмалуу «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган балдардын саны 44,9 миң адамга азайды.
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 1 392 сомду түзөт.

Связанный пост