Россия кыргызстандык абитуриенттер үчүн 700 бюджеттик орун бөлдү

 Россия кыргызстандык абитуриенттер үчүн 700 бюджеттик орун бөлдү

Россия кыргызстандык абитуриенттер үчүн 700 бюджеттик орун бөлгөн. Бул тууралуу Роскызматташтыктын жетекчисинин орун басары Павел Шевцов Биринчи радиого маек берүү учурунда билдирди.

Ал белгилегендей, 14-15-октябрга чейин Бишкекте кыргыз-орус билим форуму жана россиялык жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү өтүп жатат, ага Россиянын 40тан ашык жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышууда.

“Ректорлор, кафедра башчылары, институттардын жетекчилери, профессорлор биз менен бирге лекцияларды окуп, мастер-класстарды өтүшүп, илим менен техниканын конкреттүү багыттары боюнча талкууларды өткөрүштү, ошондой эле кош дипломдук программаны иштеп чыгууну талкуулашты – бул форумдун негизги максаты. Биз кыргызстандык абитуриенттерге Россиянын билиминин бардык палитрасын көрсөтүү үчүн көргөзмө өткөрүп жатабыз, техникалык жана медициналык университеттер гана эмес, биз регионализмди көрсөткүбүз келет, мисалы Россия аймактарга бай, батыш, чыгыш, түштүк, түндүк аймактары бар. Эгер кыргызстандык бала окууга тапшырууну чечсе, анда Красноярскиде туугандары болсо, Москвага же Санкт-Петербургга барбай деле койсо болот. Москва жашоо үчүн кымбат шаар. Аймактык университеттер алардан билими, кампустары же жабдыктары жагынан эч кандай кем калышпайт”, – деди ал.

Шевцовдун айтымында, абитуриенттер education-in-russia.com сайтына кирип, арыз тапшырып, жеке кабинет түзүп, керектүү документтерди жүктөө керек.

“Система 2025-жылдын 7-октябрынан 15-январына чейин жеткиликтүү болот. Биз күн сайын арыздарды көзөмөлдөп, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң активдүү экенин көрөбүз. Система 2025-жылдын 15-январында жабылат, андан кийин биз абитуриенттерге мыктыларды тандоо үчүн тестирлөө өткөрөбүз. Бул орус тилин билүү, предметтерди билүү, эгерде медицина болсо, химия, биология жана башкалар”, – деп кошумчалады ал.

Связанный пост