Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси кызматына Сабырбек Самидин уулу дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси кызматына Сабырбек Самидин уулу дайындалды.
Бүгүн, 18-апрель күнү жаңы аппарат жетекчисин жамаатка Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев тааныштырды.
Эльчибек Джантаев өз сөзүндө Сабырбек Самидин уулу мамлекеттик структураларда олуттуу тажрыйбасы бар жана жогорку квалификациялуу адис. Облустук администрациясынын бөлүмдөрдүн ортосундагы координацияны камсыз кылуу үчүн зарыл билимге жана тажрыйбага ээ. Аппарат жетекчинин негизги милдеттеринин бири администрациянын ишинде пайда болгон маселелерге жана көйгөйлөргө өз убагында сапаттуу чара көрүү жана бөлүм башчылар жана башка кызматкерлер менен тыгыз байланышта иштеши керек экендигин баса белгилеп, иштерине ийгилик каалады.

Связанный пост