Биринчи кварталда мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун алкагында энергетика тармагына 1,3 млрд сом бөлүнгөн

 Биринчи кварталда мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун алкагында энергетика тармагына 1,3 млрд сом бөлүнгөн

2023-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча энергетика тармагына мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун алкагында 1,4 млрд сом бөлүнгөн же 15%га өздөштүрүлгөн. Бул тууралуу КРнын Карржы министрлигинин сайтында маалымдалды.

Анын ичинен:

  • Гранттык каражаттан 280,2 млн сом;
  • Өздөштүрүлгөн кредит 1,1 млрд сом.

2024-жылга 10,9 млрд сом каралат. Алардын ичинен:

  • грант – 2 млрд;
  • кредит – 8,9 млрд сом;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетини тарабынан кош каржылоосу  – 13,9 млн сомду түзөт.

2025-жылга 5,1 миллиард сом каралат. Алардын ичинен:

  • грантка 1,2 млрд сом;
  • кредитке 3,9 млрд сом;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кош каржылоосу – 33,3 млн сомду түзөт.

Связанный пост