Президенттин Администрациясынын коллегиясында аткаруучулук тартипке байланыштуу жакшы көрсөткүчтөргө жеткен мамлекеттик органдар аталды

 Президенттин Администрациясынын коллегиясында аткаруучулук тартипке байланыштуу жакшы көрсөткүчтөргө жеткен мамлекеттик органдар аталды

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясынын жыйынында, жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча анализ, ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрацияларда жана мамлекеттик органдардагы аткаруучулук тартиптин абалы жөнүндө маалымат угулду.

Баяндама Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги Азамат Осмонов тарабынан жасалды.

Анын айтымында, Мамлекеттик салык жана Мамлекеттик бажы кызматтары сезилээрлик реформаларды ишке ашырып, 2023-жылы бажы төлөмдөрү 44,8 пайызга жана салыктык түшүүлөр 18,3 пайызга өскөн. Ал ИДПнын 2023-жылы 1 трлн 226 млрд сомго чейин өскөнү көрсөтүп турат.

Ошондой эле Юстиция министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Президенттин Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн ишинде жетишкендиктери айтылды. Маселен, Жалал-Абад облусунда 2023-жыл ичинде түптөлгөн жаңы ишканалардын саны үч эсе көбөйүп, 3 440 жаңы жумуш орундары түзүлгөн, аярлуу катмарлардагы үй-бүлөлөр үчүн 116 үй курулган.

Текшерүү иштерин объективдүү жана сапаттуу жүргүзүү максатында заманбап видео-аудио техникалар колдонулуп, Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборуна бардык системалар туташканын айткан Азамат Осмонов, аткаруучулук тартиптин абалын ыкчам көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн, анын артында бир катар мамлекеттик органдар өз иштерин жакшыртууга жетишкенин, ошондой эле жарандардын кайрылууларын кароодо жогорураак деңгээлге көтөрүлгөндүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги Азамат Осмонов, кээ бир мамлекеттик органдар тарабынан кетирилип жаткан кемчиликтерге да токтолду.

Алсак, Жаратылыш ресурстары, Энергетика, Санариптик өнүктүрүү, Маданият министрликтери жана Инвестициялар агенттиги, ошондой эле Президенттин Баткен, Ош, Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү тарабынан Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилген көпчүлүк ченемдик-укуктук актыларынын сапаты начар болууда.

Маселен, 2024-жылдын I кварталында Администрациянын кароосуна 473 долбоор киргизилсе, анын 162си (34,2%) кабыл алынып, 148 (31,3%) долбоор кайра кароого жөнөтүлгөн.

“Мисал катары айтсак, Санариптик өнүктүрүү министрлигине “Санариптик Кыргызстан 2024-2030” стратегиясын иштеп чыгуу тапшырмасы коюлгандыгына карабастан, министрлик аталган стратегиялык документтин ордуна, “Санариптик концепция” долбоорун Администрацияга киргизген. Ошондой эле, мамлекеттик органдардын электрондук почтасынын аталышын “справочнигин” иштеп чыгуунун ордуна 1 жыл 8 ай кечигүү менен токтомдо көрсөтүлбөгөн 27 500 мамлекеттик кызматкерлердин электрондук почтасын иштеп чыгууга конкурс жарыялап, жыйынтыгында 40,0 млн сомдук келишимге кол коюшкан”, – деди Азамат Осмонов.

Мындан тышкары, Жаратылыш ресурстары министрлигинде жана Улуттук инвестициялар боюнча агенттигинде 2023-жылга иш-пландары түзүлбөгөнү, Энергетика министрлигинде 2024-жылдын 1-кварталына карата иш-планы жоктугу, Жаратылыш русурстары министрлиги 2024-жылга карата иш-планын эки айга кечигип бекиткени, Саламаттык сактоо министрлиги бир жарым айга кечиктиргени айтылды.

“Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиги 20дан ашык ченемдик укуктук актыларды аткарбай келет. Үч жыл ичинде мекеме 125 млн сомдон ашык бюджеттик каражат сарптап, анын өкүлдөрү 800 күндөн ашык чет элдик иш сапарларда иштеп, жыйнытыгында бир дагы инвесторду тартууга жетишкен эмес. Тышкы иштер министрлигинде болсо 2023-2024 жылдары ратификация иштери бүтпөгөн 16 эл аралык келишим аныкталып, жалпы 6 жолу кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн. Маданият министрлигинде 10дон ашык ченемдик укуктук актылар такыр аткарылбай, алардын айрымдары ар кандай шылтоолор менен 2 жылдан бери узартылып келүүдө”, – деди Азамат Осмонов.

Ал эми өлкөнүн экинчи ири административдик бирдиги болгон Ош облусун өнүктүрүү үчүн жылына республикалык бюджеттен миллиард сом каралат. Бирок азыркыга чейин 58 айыл өкмөттүн 45ши дотацияларды алат. Жумушсуз калган 16 400 тургунга карабастан, айдалбаган жерлердин үлүшү 1 850 га түзөт. Өлкөнүн өнөр-жай өндүрүшүндө Ош облусунун үлүшү 11 пайыздан ашпайт, ал эми 2023-жылы жана үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде болгону 1000 жумуш орун түзүлгөнү маалым болду.

Мындан тышкары, Баткен облусунун Лейлек районуна бөлүнгөн 125,0 млн сомдун 42 млн сому өздөштүрүлгөнү, ал эми Ысык-Көл облусунун бийлик органдарынын аракетсиздигинен 2023-жылы туристик сезон тийиштүү деӊгээлде өткөрүлбөгөнү, бул коркунуч быйылкы жылы да кайталануу алдында турганы айтылды.

Мамлекеттик органдартын аткаруу тартиби тууралуу баяндамадан кийин МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров, көзөмөл иштери күчөтүлөрүн жана анын жыйынтыгы менен мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата чаралар көрүлөрүн билдирди.

“Биз ар бир кыймыл-аракетиңерди байкап турабыз. Ошон үчүн Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы түзүлгөн. Ички иштер министрлиги, Эсеп палатасы тарабынан дагы жума сайын мага отчеттор келип турат. Ар бириңердин иш-планыңар болсун, жылдын ортосу болуп калды, бирок эмдигине планы жок айыл өкмөттөр бар экен. Район, облус башчылары жана мамлекеттик органдардын жетекчилери тартип катуу болот, маселеге жакшылап көңүл бургула”, – деди МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров.

Связанный пост