Баткенде селдин кесепеттерин жоюу жана алдын алуу чаралары талкууланды

 Баткенде селдин кесепеттерин жоюу жана алдын алуу чаралары талкууланды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилигинде Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтарынын отуруму өттү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, отурумда Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарынын аймагында 30-апрелден 5-майга чейин катуу жааган жаандын кесепетинен катталган сел кырсыктарынын кесепеттерин аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер талкууланды.

Мындан тышкары, күтүлүүчү сел коркунучтарынын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана азайтуу маселелери каралды. Ошондой эле күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүүлөрдүн негизинде күч жана каражаттарды даярдыкта кармоо, тиешелүү иш-чараларды ыкчам жана өз убагында аткарууну уюштуруу боюнча тапшырмалар берилди.

Болуп өткөн селдин кесепетинен облус боюнча жалпы чыгым 20 млн 800 миң сомду түздү.

Жабыркаган турак үйлөр толугу менен селден тазаланып, залалсыздандыруу иштери аяктады. Убактылуу коопсуз аймактарга көчүрүлгөн тургундар өз үйлөрүнө кайтты. Турак жайы жашоого жараксыз абалга келген эки үй-бүлө убактылуу бош турак жайларга жайгаштырылды.

Связанный пост