Караколдо россиялык ырчылардын катышуусунда Жеңиш күнүнө арналган концерт өттү

Каракол шаарында Жеңиш күнүнө арналган алгачкы жолу ири гала-концерт өттү. Иш-чара “Евразия” автономдук коммерциялык уюму тарабынан уюштурулду.

Анда бир сахнада Кыргызстандын жана Россиянын белгилүү артисттери өнөрлөрүн көрсөтүштү. Көрүүчүлөр үчүн “Блестящие” жана “Любэ” топторунун ырлары жаңырып, ошондой эле Николай Басков жана кыргыз эстрада жылдыздарынын концерттик программалары тартууланды.

Концертке миңдеген шаар тургундары жана коноктору келип, концерт майрамдын эң жаркын окуяларынын бирине айланды.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост