Президент жергиликтүү бийлик органдарынын ишин сынга алды
Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана аймактарда мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга арналган республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров ишти пландаштырууга карата формалдуу мамиленин орун алышын, райондорду өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралардын жоктугун, өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын натыйжасыз пайдаланылышын жана муниципалдык ишканалардын ишине көзөмөлдүн жетишсиздигин сынга алды.
Мамлекет башчысы жер ресурстарын талаптагыдай пайдаланбоо учурларына да көңүл буруп, айрым аймактарда трансформацияланган жер тилкелери өздөштүрүлбөй, күтүлгөн экономикалык жана айыл чарба натыйжаларын бербей жатканын айтты.
Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ыйгарым укуктары кеңейтилип, эмгек акысы жогорулатылганын эске салып, алардан тиешелүү натыйжа, кызматтык милдеттерин ак ниет аткаруу жана жарандардын кызыкчылыгына кызмат кылуу талап кылынарын айтты. Ал мамлекеттик кызматкерлерди мыйзамсыз аракеттерге барбоого, коом алдындагы жоопкерчилигин унутпоого жана ар бир жетекчинин ишмердүүлүгү жарандардын көңүл борборунда экенин түшүнүүгө чакырды.
“Мамлекеттик кызматтагы жетекчилер өзү менен өзү болуп, эптеп убакыт өткөрүп, жүрө бербей элге кызмат кылышы кажет. Тигил же бул мамлекеттик кызматтагы жетекчинин ишмердигинин негизги натыйжалары элибиздин жашоо шартынын кескин жакшырышынан байкалышы зарыл”, – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.