Асаналиев: Мамлекетке өткөрүлгөн мүлктөрдү кайтаруу аракети болууда
Айрым жарандар уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында мамлекетке өткөрүлгөн мүлктөрдү кайтарып берүү боюнча кайрылууларды жасап жатышат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Максат Асаналиев президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, айрым жарандар мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн мүлктөр боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди кайра карап чыгуу үчүн президент менен болгон жолугушууларды пайдаланууга аракет кылышууда.
“Бул даттанууларда көрсөтүлгөн мүлктөр белгиленген тартипте мамлекеттин балансына өткөрүлүп, муну менен мурда мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерге карата мамлекеттин укуктары жана кызыкчылыктары калыбына келтирилген.
Бирок бул иштин жүрүшүндө айрым кемчиликтер жана мүчүлүштүктөр болгонун белгилеп кетүү керек. Алар боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан тиешелүү тыянактар чыгарылып, мындан ары аларга жол бербөө боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө”, – деди ал.