Президент мамкызматкерлерди үгүт иштеринен алыс болууга чакырды

 Президент мамкызматкерлерди үгүт иштеринен алыс болууга чакырды

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча республикалык кеңешмеде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, мугалимдерди жана дарыгерлерди алдыдагы президенттик шайлоодо кайсы бир талапкер үчүн үгүт иштерин жүргүзбөөгө чакырды.

Мамлекет башчысы бул саясий өнөктүктө мурдагы бийликтердин каталарын кайталабоо керектигин белгилеп, мамлекеттик кызматкерлердин шайлоо процессиндеги бейтараптуулугу маанилүү экенин айтты.

“Мамлекеттик кызматкерлер, муниципалдык кызматкерлер, мугалимдер жана дарыгерлер үгүт иштерине кийлигишпешиңиздер керек. Силер кайсы бир талапкерге, анын ичинде мага дагы үгүт жүргүзүүгө милдеттүү эмессиздер. Ошондуктан үгүт жүргүзбөңүздөр, шайлоого үгүт иштери менен катышпаңыздар”, — деди Садыр Жапаров.

Анын айтымында, буга чейин шайлоо учурунда бийликте турган талапкерди колдоого алуу боюнча кызматкерлерге басым жасалган учурлар болгон.

“Мурда ким бийликте отурса, “ошого иште, ошого алып барып салдыр” деп айтчу. Биз андайга жол бербейбиз, андайга муктаж да эмеспиз”, — деп белгиледи президент.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.

Связанный пост