Президент Изник шаарындагы «Кыргызлар турбеси» мемориалына барды

 Президент Изник шаарындагы «Кыргызлар турбеси» мемориалына барды

Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда, Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуунун алкагында Изник шаарындагы (Түркия Республикасы) «Кыргыздар турбеси» мемориалына барды.

Мамлекет башчысы мемориалды карап чыгып, ошол эле жерде куран окулду.

“Кыргызлар турбеси» — бул Изник шаарын алуу үчүн салгылашууларда курман болгон кыргыз жоокерлеринин элесине арналган мемориал. Ислам энциклопедиясына ылайык, бул алгачкы Осмон дооруна (XIV кылым) таандык күмбөз.

Күмбөз султан Орхан гази тарабынан в 1332-жылы Анадолу Селжугунун түптөлүшүнө салым кошкон кыргыз жоокерлеринин элесине арналып салынган.

2004-жылы октябрда кыргыз скульптору Түгөлбай Садыков жасаган жоокердин эстелиги бакчага орнотулган.

Мемориал кичинекей өтмөк менен байланышкан эки бөлмөдөн турат. Мавзолей типтүү византиялык стилдеги жасалгасы менен көңүлдү бурат. Күмбөздө сегиз саркофаг бар: жети чоң киши жана бир баланыкы.

Связанный пост