Президент Араб Булуңундагы араб мамлекеттери боюнча кызматташтык кеңешинин башкы катчысын кабыл алды

 Президент Араб Булуңундагы араб мамлекеттери боюнча кызматташтык кеңешинин башкы катчысын кабыл алды

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, Араб Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хажрафты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде саясий, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хажрафтын өлкөгө биринчи сапары Кыргызстан менен Араб Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин ортосундагы кызматташууга жакшы негиз түзөрүнө чоң түрткү болоруна ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Араб Булуңундагы араб өлкөлөрүнүн элдерин тарыхый жана руханий достук байланыштары байланыштырып турганын, ошондуктан Араб Булуңундагы араб өлкөлөрү менен кызматташууну бекемдө