Памирлик кыргыздарга үй куруп берүү үчүн башкы этапта 10 млн сом бөлүндү

 Памирлик кыргыздарга үй куруп берүү үчүн башкы этапта 10 млн сом бөлүндү
 Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги памирлик кыргыздарга үй куруп берүү үчүн башкы этапта 10 млн сом бөлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Чон-Алай районундагы памирлик кыргыздар менен министрдин орун басары Жылдыз Полотова жана миграция маселелери боюнча башкармалыктын жетекчиси Жыпар Мамбетова КРдин Жогорку Кенешинин депутаттары менен чогуу жолугушуу өткөрүштү.
Министрдин орун басары КРдин Министрлер Кабинетинин кабыл алынган программасына ылайык памирлик кыргыздар үчүн жалпы 95 турак-үй куруу пландалгандыгын белгиледи. Бул үчүн Чон-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Бурган-Суу айылынан 60 гектар жер аянты трансформацияланып, айылдын башкы планы даярдалган. Быйылкы жылы курулушту баштоо үчүн министрликтен 10 миллион сом которулуп берилгендигин билдирди.
Райондун акими Темирболот Абыкеев КРдин Финансы министрлигинен каражаттын бөлүнүшүн тездетип берүүнү өтүнүп, памирлик кыргыздар үчүн шарттарды түзүп берүүгө даяр экендигин маалымдады.
Эл менен жолугушууда Жылдыз Полотова мамлекеттик жөлөкпул, социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жана майыптыгы бар адамдарга каралган социалдык кепилдиктер боюнча суроолорго жооп берди.

Связанный пост