Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү жыл башынан бери 73 млрд сомду түздү

 Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү жыл башынан бери 73 млрд сомду түздү

2024-жылдын январында экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүү тенденциясы сакталды, деп билдирди Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева.

Анын маалыматына караганда, устүбүздөгү жылдын январында ички дүң продуктынын көлөмү алдын-ала баалоо боюнча, 73 млрд сомду түздү, бул 2023-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 7,4 пайызга көп.

Керималиева өсүш товарларды өндүрүүдөн (27,6%), кызмат көрсөтүүдөн (52,2%) жана салыктык түшүүлөрдүн (20,2%га) эсебинен шартталгандыгын белгиледи.

Связанный пост