Экономика

Кыргызстан эгемендүүлүгү: Энергетика тармагында аткарылып жаткан иштер

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылга карата негизги жана маанилүү ишмердүүлүгү тууралуу маалымат. Өлкөнүн энергетика тармагындагы энергетикалык тартыштыкты жоюу, тармакты өнүктүрүү, генерацияны көбөйтүү. Бул Кыргыз Республикасынын Президентинин энергетика тармагына койгон тапшырмасы. Энергетика министрлигинин 2025-жылга койгон планынын негизинде ири ГЭСтерди реконструкциялоо жана кубаттуулугун которуу боюнча алгыктуу иштер аткарылууда. Токтогул ГЭСнин төртүнчү гидроагрегаты реконструкцияланууда. Станцияны реабилитациялоо долбоору 2015–2026-жылдар […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Жалал-Абадда курулган «Асман Резиденс-2» турак жай комплексин ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Жалал-Абад шаарында курулган турак жай комплексинин ачылышына катышты. Салтанаттуу аземдин алдында Мамлекет башчысы Жеңи-Жок көчөсүндө курулуп жаткан «Асман Резиденс-3» турак жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Тогуз кабаттуу үйдүн курулушу өткөн жылдын март айында башталган. Батирлердин жалпы саны […]Читать далее

Президент

Президент Жалал-Абаддагы “Мурас Юнайтед” футбол клубунун жаңы имаратын көрүп чыкты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы “Мурас Юнайтед” футбол клубунун жаңы машыгуу комплексинин имараты менен таанышты. Жаңы спорттук комплекс спортчуларды даярдоо үчүн зарыл болгон заманбап спорттук жана окуу-тиричилик объектилерин бириктирип турат. Бул жерде машыгуу жана турак жай имараттары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, бассейн, машыгуу залы, ошондой эле […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Жалал-Абад облустук көркөм сүрөтжатак-мектебин ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын ачылышына катышты. Имарат 1906-жылы курулган жана акыркы жылдары пайдаланууга жараксыз, авариялык абалда болуп калган. Жаңы көркөм сүрөт мектебинин курулушу 2024-жылдын аягында башталган. Долбоор 100 окуучуга ылайыкталган окуу корпусун курууну карайт. Үчкабаттуу имарат төрт блоктон турат. Мамлекет башчысы заманбап […]Читать далее

Президент

Президент: Мамлекетибиз бардык аймактары менен бирдикте өнүккөндө гана жаркын келечекке

“Мамлекетибиз бардык аймактары менен бирдикте өнүккөндө гана жаркын келечекке жол алат. Ушу тапта республиканын жети дубанын тегиз өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Жалал-Абад шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган “Асман Резиденс-2” турак жай комплексинин ачылышында. Мамлекет башчысынын сөзү: “Урматтуу мекендештер! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары! Өлкөбүздү өнүктүрүүнү […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Миң-Өрүк айылында жаңы мектептин ачылыш аземине

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Миң-Өрүк айылында Нышанбай Алыкулов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысы азыркы учурда мамлекет биринчи кезекте келечек муунга кам көрүшү керектигин белгиледи. “Айыл болобу, шаар болобу окуучуларыбыздын мыкты окуп чыгышы үчүн оболу мектептердеги абалды: эскилерин жаңыртып, кошумча […]Читать далее

Президент

Президент: Окуучуларыбыздын мыкты окуп чыгышы үчүн оболу мектептердеги абалды: эскилерин

“Айыл болобу, шаар болобу окуучуларыбыздын мыкты окуп чыгышы үчүн оболу мектептердеги абалды: эскилерин жаңыртып, кошумча имаратка муктаждарына жаңы корпустарды салып берип оңдоп жатабыз”, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Сузак районунун Барпы айылындагы Н. Алыкулов атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземинде. Мамлекет башчысынын сөзү: “Урматтуу […]Читать далее

Коом

Кыргызстандыктар “Түндүк” тиркемеси аркылуу 35 миллиондон ашык онлайн кызмат алышты

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жарандардын жашоосун жеңилдеткен санариптик кызматтарды сунуштады. Ведомствонун маалыматы боюнча, “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумуна 350 катышуучу — мамлекеттик органдар жана коммерциялык уюмдар интеграцияланган. Бүгүнкү күнгө чейин 5 миллиарддан ашык маалымат алмашуу ишке ашкан. Ошондой эле “Түндүк” мамлекеттик электрондук кызматтар порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу 179 кызмат […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Кытайга барат

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча 31-августтан 3-сентябрга чейин Кытайга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. “Сапардын алкагында Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө- мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин, […]Читать далее

Экономика

Ошто 40 миңден ашык жасалма алкоголсуз суусундук аныкталды

28-августта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында акциздик маркасы жок товарларды аныктоо боюнча рейд өткөргөн. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Тактап айтканда, Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү жеке ишкерлер У.А.Э. жана С.М.ге таандык ири соода түйүндөрүндө жүргүзүлгөн текшерүү маалында жалпы суммасы 142 811 сомду түзгөн 3 767 даана жасалма суусундуктар […]Читать далее