Президент

Михаил Кавелашвили Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен

Грузиянын Президенти Михаил Кавелашвили Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Бул сиздин өлкөнүн тарыхындагы өзгөчө күн эркиндиктин, улуттук сыймыктын жана мамлекеттүүлүктүн символу болуп саналат. 1991-жылдын 31-августунда эгемендүүлүктүн жарыяланышы жана өлкөңүздүн мамлекетти куруу жолун көз карандысыз тандоосу — кыргыз элинин өзүнчө маданий өзгөчөлүгүн жана салт-санаасын сактаган, кубаттуу жана өнүккөн мамлекетти […]Читать далее

Президент

Испаниянын Королу Филиипп VI Президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин

Испаниянын королу Филиипп VI Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Жеке бакубатчылык жана кымбаттуу кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү тилеген эң жакшы каалоомду кабыл алыңыз», – деп айтылат телеграммада.Читать далее

Президент

Улуу Британиянын Падышасы Карл III Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгынын Падышасы Карл III Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Жубайым экөөбүз Сизди жана Кыргыз Республикасынын элин маанилүү окуя – Эгемендүүлүк күнүнө карата жылуу куттуктаганыбызга кубанычтабыз. Биздин өлкөлөрдү ушундай бекем байланыштар бириктирип турганына абдан кубанычтамын жана достугубуз мындан ары да чыңдаларына ишенем. Биздин […]Читать далее

Президент

Хамад бин Иса Аль Халифа Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин

Бахрейн Падышалыгынын Падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Бахрейн Падышалыгынын өкмөтүнүн жана элинин атынан боордош Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоо-тилектерибизди билдиребиз. Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Улуу Мартабалуу Сизге чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми […]Читать далее

Президент

Жосеф Аун Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен

Ливан Республикасынын Президенти Жосеф Аун Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Сизге бекем ден соолук жана бакубатчылык каалайм. Ал эми Кыргыз Республикасына жана достук мамиледеги кыргыз элине Сиздин даанышман жетекчиликиңиздин астында өнүгүп-өсүүнү каалайм. Бул майрам биримдик менен кызматташуунун терең маанисин туюндурат жана эки элибиздин ортосундагы достук байланыштарды жаңылап, өлкөлөрүбүздүн […]Читать далее

Президент

Абдель Фаттах Ас-Сиси Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү

Мисир Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө байланыштуу жүрөктөн чыккан куттуктоосун жана чын дилден каалоолорун жолдоду. «Бул сүйүнүчтүү күнү мен Мисир менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелердин тынымсыз чыңдалып жатканын кубануу менен белгилейм. Эки достош элдин жалпы кызыкчылыктарын ишке ашыруу максатында өз ара байланыштарыбыз мындан […]Читать далее

Президент

Бельгиянын Королу Филип Леопольд Лодевейк Мария Садыр Жапаровду жана кыргыз

Бельгиянын Королу Филип Леопольд Лодевейк Мария Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүн майрамдоого байланыштуу Сизди куттуктагым келет, аны менен кошо Сизге жана Сиздин мекендештериңизге эң жакшы каалоолорумду жолдоп, бакубатчылык жана ден соолук каалайм», – деп айтылат телеграммада.Читать далее

Президент

Рим Папасы Лео XIV Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк

Рим Папасы Лео XIV Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын улуттук майрамына карата Сиздин элиңизге өзүмдүн гүлдөп-өсүү, ынтымак жана бакыт кааларымды кубануу менен билдирем. Жараткан Кыргызстандын элин колдоп, ар дайым өлкөнүн жалпы жыргалчылыгы үчүн эмгек кылууга шыктандырып турушун тилейм», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.Читать далее

Президент

Александр Ван дер Беллен Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк

Австрия Республикасынын Президенти Александр Ван дер Беллен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Мен мамилелерибиздин тереңдешине кубанычтамын жана Австрия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык кызматташуунун бекемделишин баалайм. Өткөн жылдын ноябрында Венага болгон Сиздин сапарыңыз жана биздин маңыздуу маектешүүлөрүбүз эки жактуу алакаларыбызды мындан аркы чыңдоого жана активдешүүсүнө сонун мүмкүнчүлүк түзүп берди», […]Читать далее

Президент

Зоран Миланович Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен

Хорватия Республикасынын Президенти Зоран Миланович Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Хорватия Республикасынын жарандарынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге абдан кубануу менен эң жылуу куттуктоолорумду билдирем жана өлкөңүздүн бардык жарандарына прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм. Хорватия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелер жана кызматташтык мындан ары […]Читать далее