Спорт

“Танк биатлону”. Кыргызстан Россия, Кытай, Беларусь командалары менен бир тайпада

Россиянын Москва облусунда Патриот паркындагы Эл аралык армия оюндар музейинде “АрМИ-2022” оюндарынын алкагында өтүүчү “Танк биатлону” боюнча мелдешке катышуучу командалар жана танк экипаждары чүчү кулак кармады. КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы жашыл түстүү гильзаны алып, Россия, Кытай жана Беларустун командалары менен бир тайпага түштү. Ата мекендик […]Читать далее

Коом

Чолпон-Атада БА өлкөлөрүнүн энергетик аялдарынын эл аралык саммити өтүүдө

9-10-августта Чолпон-Ата шаарында КР энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин катышуусунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетик айымдарынын биринчи эл аралык саммит-конференциясы өтүүдө. Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Доскул Бекмурзаев мындай иш-чараларды уюштуруу – энергетика тармагындагы аялдардын ролун бекемдөөгө шык берип, гендердик теңчилик боюнча маселелерди талкуулоого аянтча болуп жана ошондой эле энергетик айымдарды колдоо боюнча бирдиктүү аянтча түзүүгө өбөлгө […]Читать далее

Дүйнөдө

Чикаго шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу иштеп баштады

Чикаго шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу иштеп баштады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, КР жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле АКШда кыргыз жарандарына консулдук кызматтарды көрсөтүү максатында КР президентинин тиешелүү жарлыгы менен АКШнын Чикаго шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу түзүлгөн. […]Читать далее

Коом

“Түндүк электрдин” кызматкери агып бараткан баланы куткарып калганы үчүн сыйланды

Электр монтер Аскар Түлөнов сууга чөгүп бара жаткан баланы куткарууда көрсөткөн эрдиги үчүн Чүй облусу боюнча “Түндүк электр” ААКтын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланды. Ишканадан билдиришкендей, алардын кызматкери Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каты менен дагы сыйланды. Аскар Түлөнов И.Разаков атындагы КМТУну аяктагандан кийин 2021-жылдын октябрь айында Жайыл РЭСтин цехине электрик болуп […]Читать далее

Коом

Өспүрүм кызды зордуктоого шектелип “Алтын Казына” кафесинин кызматкери кармалды

Өспүрүм кызды зордуктоого шектелип “Алтын Казына” кафесинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБне арыз менен 1964-жылы туулган У.Ж. кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында белгисиз адамдар 2005-жылы туулган О.А. аттуу кызынын эркине каршы жыныстык катнашта болгонун айтып, чара көрүүнү суранган. Аталган арыз Аламүдүн РИИБне катталып, тергөөгө […]Читать далее

Коом

Шаардагы троллейбустар жууп-тазаланууда

Шаардагы троллейбустар жууп-тазаланууда “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын троллейбустары күн сайын жууп-тазаланып турат. Күн сайын саат 05:30да нөөмөткө чыгар алдында ишкананын тиешелүү кызматынын кызматкерлери тарабынан бардык троллейбустардын санитардык абалы текшерилет. Коомдук транспорт санитардык көзөмөлдөн өтпөй туруп линияга чыгарылбайт. Троллейбус башкармалыгында жалпысынан 183 троллейбус бар. Алардын 130-135и жүргүнчүлөрдү ташыйт.Читать далее

Билим

Ош шаарында мектеп мугалимдери үчүн 200 бош орун бар

 Учурда Ош шаарындагы мектептерде мугалимдер жетишсиз. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Тактап айтканда, 200гө жакын бош орун бар, анын ичинен 7 орун мамлекеттик тилде окуткан мектептерде, 188 орун орус тилинде билим берген мектептерде. Мектептердеги бош орундардын тизмеси: 1. Башталгыч класстардын мугалимдери – 47 адис (орус тилдүү мектептерде). 2. Орус тили жана адабияты мугалимдери […]Читать далее

Медицина

Штаб: Омикрон BA.5 штаммынан адам өлүмүнүн учурлары эмделбегендер арасында жети

Омикрон BA.5 штаммынан адам өлүмүнүн учурлары эмделбегендер арасында жети эсе жогору. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Белгиленгендей, мындай маалыматтар Италиянын Ден соолук жогорку институтунун акыркы баяндамасында камтылат. Бүтүмдөр 12 жаштан жогору курактагы инфекцияга чалдыккан 100 миң адамды изилдөөгө негизделген. Анализ 13-майдан 12-июнга чейин созулган. Медиктер билдиргендей, 80 жаштан жогору адамдар үчүн эмделбегендер арасында адам өлүмү […]Читать далее

Коом

Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгарууга 35 млн сом

Бишкек шаарынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүн жакырчылыктан чыгарууга 35 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Мындай маалымат эмгек министри Кудайберген Базарбаевдин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен жолугушуусунда белгилүү болду. “Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган жакыр үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында эмгек министрлиги бүткүл өлкө боюнча “Социалдык […]Читать далее

Коом

Аламүдүндө шамал бир нече үйдүн чатырын учуруп кеткен

Аламүдүндө шамал бир бир нече үйдүн чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ саат 16:45 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мраморный айылында жайгашкан үйлөрдүн жана сарайдын чатырын учуруп кеткен. Айылда бак-дарактар кулап, электр мамычалары жабыркаган, ошол учурда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Мындан улам […]Читать далее