Президент

Президент балдарды жана кыз-келиндерди зордуктап, өлтүргөндөргө өлүм жазасын киргизүүнү тапшырды

Киши колдуу болуп мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм кыз Айсулуунун ишинин тергелиши президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын маалыматына караганда, коомчулукту нес кылган бул кылмыш тууралуу кабарды мамлекет башчыбыз терең өкүнүч менен кабыл алды. “Ошол эле учурда мамлекет башчысы президенттик администрациянын Укуктук камсыздоо […]Читать далее

Коом

Караколдо 40тан ашык аскер кызматчыларына ипотекалык батирлер берилди

Бүгүн Каракол шаарында 40тан ашык аскер кызматчыларына ипотекалык батирлер тапшырылды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, батирлердин ачкычын коргоо министри Руслан Мукамбетов тапшырды. Салтанаттуу иш-чарага Каракол шаарынын мэри Орозбаев Нуртилек, аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары катышты. Иш-чаранын соңунда коргоо министри батирлер менен таанышып, аскер кызматчылардын үйүнөн даам сызды. Бул турак жайларды аскер […]Читать далее

Коом

Мамлекеттик катчы улуу муунду Карылар күнү менен куттуктады

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов улуу муунду Карылар күнү менен куттуктады. «Ардактуу аталар, кымбаттуу энелер! Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү! Сиздерди бүгүнкү 1-октябрь – Карылар күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Бул майрам ар бирибизди ата-бабалардан калган асыл салтты, улуу мурастарды урматтап, карыларга болгон сый-урматты дагы бир жолу эске салат. Кылымдарды карыткан кыргыз элинде улууларды урматтоо, алардын […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда элге кайрылуу жасады. Төмөндө мамлекет башчысынын сөзү: “Урматтуу кыргызстандыктар! Мен сиздерге кезектеги кайрылуум менен чыгууну туура көрдүм. Себеби 25-сентябрда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алгандан кийин, мен бүгүн Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнүн 30-ноябрга белгилеп, Жарлыкка кол койдум. Ошентип, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 30-ноябрь күнү болот. […]Читать далее

Министрлер кабинети

ЕАӨК отурумунун жыйынтыгында бир катар документ жана чечимдерге кол коюлду

Беларустун Минск шаарында өткөрүлгөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги (ЕАӨК) отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду. Тизме:  “Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2020-жылдын 10-апрелиндеги № 2 чечиминин 2-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” чечими; “Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2015-жылдын 29-майындагы № 13 тескемесин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” тескемеси (ЕАЭБ алкагында бирдиктүү транзиттик системаны жана […]Читать далее

Министрлер кабинети

Касымалиев: Биздин негизги багыт – ЕАЭБ ичиндеги тоскоолдуктарды толугу менен

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. “Биздин Биримдик – бул жөн гана юридикалык документтер, институттар жана механизмдер эмес. Баарынан мурда бул жалпы тарыхка жана келечекке умтулууга негизделген ишенимдин жана тиешелүүлүктүн аянтчасы. Евразиялык интеграция жөнүндө сөз кылганда, ар кайсы убакта биздин элдерибиз жолдорду куруп, […]Читать далее

Министрлер кабинети

ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Александр Лукашенко менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары менен биргеликте Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолугушууга катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө интеграциялык бирикмелердин алкагында экономикалык жана саясий кызматташтыкты бекемдөө, биргелешкен долбоорлордун натыйжалуулугун жогорулатуу, заманбап чакырыктарга каршы аракеттерди координациялоо боюнча […]Читать далее

Тышкы саясат

Индиянын Ченнай шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды

29-сентябрда Ченнай шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугунун ачылыш аземи болуп өттү. ТИМден билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстандаын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов катышты. Ардактуу консул болуп Ченнай шаарынын ишкердик жана коомдук чөйрөсүндө кеңири таанылган белгилүү ишкер жана коомдук ишмер доктор Пракаш Рао дайындалды. Өз сөзүндө Элчи Аскар Бешимов Пракаш Раону куттуктап, Ардактуу консулдук экономика, билим берүү жана маданият тармактарындагы […]Читать далее

Укук тартиби

Адвокат 7 миң доллар пара алып жаткан учурда кармалды

24-сентябрда УКМК тарабынан 7 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен адвокат «А.С.А.» кармалды. Атайын кызматтан билдиришкендей, кылмыш ишинин материалдарына ылайык, адвокат «А.С.А.», Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишинин оң чечилиши үчүн арыз ээсинен 7000 АКШ долларын опузалап талап кылган. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун санкциясынын негизинде «А.С.А.» КР УКМКнын […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Александр Лукашенко менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев расмий жумуш сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолукту. Министрлер Кабинетинин Төрагасы белорус тарапка жылуу кабыл алгандыгы жана сапардын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын айтты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу соода жүгүртүүнү жана инвестицияны көбөйтүү, […]Читать далее