Ошто кооптуу аймакта жашаган 36 үй-бүлөгө жер тилкелери берилди

 Ошто кооптуу аймакта жашаган 36 үй-бүлөгө жер тилкелери берилди

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Учкун айылында кооптуу аймакта жашаган 36 үй-бүлөгө жер тилкелери берилди.

Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Турусбек Ногоев катышты. Ош облусунун башчысы кызыл китептерди тапшырып жатып, жергиликтүү тургундарды коопсуз аймака көчүп иштеринде көмөк көрсөтүлүп жатканын билдирди.

“Мындай бир нече ай мурун Учкун айылынын тургундарынын жашоо шарты менен таанышкам. Жолугушууда жарандарыбызды кооптуу аймактан көчүрүүгө, жаңы жер тилкелерин берүүгө убада бердим эле. Бүгүнкү күндө убадабыз аткарылды. Мындан ары да колдоолор болот”,-деди Зиядин Жамалдинов

Связанный пост