Кыргызстанда 167 окуучу артыкчылык аттестатын алуу укугун тастыктады

 Кыргызстанда 167 окуучу артыкчылык аттестатын алуу укугун тастыктады

Билим берүү жана илим министрлигинин “Алтын тaмгa” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацнисынын жыйынтыгынын негизинде “Артыкчылык менен” аттестатына ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө буйругу чыкты.

Ага ылайык, 2022-2023-окуу жылынын соңунда 167 бүтүрүүчү жалпы орто билими тууралуу аттестатын “Артыкчылык менен” алат.

• Баткен облусунан – 14 окуучу

• Бишкек шаарынан – 76 окуучу

• Жалал-Абад облусунан – 10 окуучу

• Нарын облусунан – 6 окуучу

• Ош шаарынан – 8 окуучу

• Ош облусунан – 20 окуучу

• Талас облусунан – 5 окуучу

• Чүй облусунан – 21 окуучу

• Ысык-Көл облусунан – 7 окуучу

Эске сала кетсек, “Алтын тамга” тестирлөөсү республика боюнча 2023-жылдын 25-апрелинде өткөрүлүп, ага 2 миңдей 11-класстын окуучусу катышкан.

Связанный пост