Ош шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планы талкууланды

 Ош шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планы талкууланды

Ош мэриясында шаардын 2050-жылга чейинки Башкы планын талкуулоо боюнча алгачкы жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары, Ош шаардык кеңешинин төрагасы, Курулуш министрлигинин өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Комиссиянын отурумунда комиссия түзүү боюнча чечим кабыл алынып, Ош шаардык мэриясы менен Курулуш министрлигинин ортосунда ар тараптуу колдоо боюнча келишим түзүлдү.

Ошондой эле буга чейинки башкы планга карата келип түшкөн сунуш-пикирлерди кароо да талкууланды.

Башкы план боюнча кийинки отурум июнь айында өтөт.

Связанный пост