Ош шаарында жер титиреди

Ош шаарында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 09:11де Кыргызстандын аймагында күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош шаарында 5 баллга (Ош шаарынан 3 чакырым түндүктө) чейин сезилген. Учурда Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Кошумча маалымат берилет.