Ош шаарында мектеп мугалимдери үчүн 200 бош орун бар
![Ош шаарында мектеп мугалимдери үчүн 200 бош орун бар](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/08/1045839296_0_129_1691_1080_1920x0_80_0_0_92bba15c2f50ce70a5cd3a007c2bb18f_730x0.730x0.jpg)
Учурда Ош шаарындагы мектептерде мугалимдер жетишсиз. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, 200гө жакын бош орун бар, анын ичинен 7 орун мамлекеттик тилде окуткан мектептерде, 188 орун орус тилинде билим берген мектептерде.
Мектептердеги бош орундардын тизмеси:
1. Башталгыч класстардын мугалимдери – 47 адис (орус тилдүү мектептерде).
2. Орус тили жана адабияты мугалимдери — бардыгы болуп 36 адис. Анын ичинен 33 адис орус тилинде окуткан мектептерде, 2 адис мамлекеттик тилде окуткан мектептерде жана 1 адис өзбек тилиндеги мектептерде.
3. Математика мугалимдери – 22 адис. Анын ичинен 20 адис орус тилдүү мектептерге, 1 адис мамлекеттик тилде билим берген мектептерге жана 1 адис өзбек тилдүү мектептерге.
4. Физика мугалимдери — 15 адис. Анын ичинен орус тилдүү мектептерге 14 адис, өзбек тилдүү мектепке 1 адис.
5. География мугалимдери – 14 адис. Анын ичинен 13 адис орус тилинде окуткан мектептерге, 1 адис өзбек тилиндеги мектепке.
6. Англис тили мугалими – 10 адис, тарых мугалими – 10 адис, дене тарбия мугалими – 10 адис, химия мугалими – 8 адис, музыка мугалими – 8 адис.