Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлүүдө
![Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлүүдө](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/12/317383170_471261468526089_2587384008396331929_n-850x560.jpg)
Бүгүн, 1-декабрда Ош шаарынын мэринин тапшырмасына ылайык, вице-мэрлер, шаардагы мекеме-ишканалардын, кызматтардын жетекчилери адистештирилген мекемелерге, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүнө барып көмөк көрсөтүштү.
Алар “Сантерра-Юг” коомдук кайрымдуулук фондуна, Ош шаардык балдардын реабилитациялык борборуна, көзү азиздер жана көрүүсү начар балдардын мектеп-интернатына, Ош шаардык №12 көмөкчү мектебине, “Айданек” бала бакчасына жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүнө барып, кабар алышты.
Аларга материалдык жардам жана азык-түлүк берилди. Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жардам көрсөттү.
2022-жылдын 1-декабрына карата такталган маалыматка ылайык, Ош шаарында 7375 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайт, анын 1050сү 18 жашка чейинкилер.