Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

 Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ош шаарынын аймагында 18-май күнү катуу жааган жаандан улам сел кесепеттерин жөнгө салганга чейин жана жаз-жай мезгилиндеги туруксуз аба-ырайына байланыштуу Ош шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

 

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, кырдаалды жоюу үчүн тиешелүү аракеттер жумшалып, Ош шаарынын жарандык коргонуу кызматтардын, мекеме-уюмдардын, муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү тарабынан Ош шаарынын аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү, сел кеткен тилкелерди тазалоо боюнча ыкчам чаралар көрүлүп, иш-аракеттер жүргүзүлөт.

Связанный пост