Ош облусунда 552 билим берүү мекемелеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты болуп өттү
Ош облусунда 552 билим берүү мекемелеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Камилжан Раимбеков атындагы мектеп-гимназиясындагы салтанатка катышты.
Бүтүрүүчүлөрдү жана окуучуларды, мугалимдерди окуу жылын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, облус башчысы Эльчибек Джантаевдин атынан “Ыраазычылык кат”, “Ардак грамота” тапшырды.
Белгилей кетсек, 2022-2023-окуу жылында республикалык олимпиадаларда Кара-Суу, Алай, Кара-Кулжа райондору алдынкы орундарга жетишти. Ал эми «Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясына 20 окуучу “Алтын-тамга” артыкчылык аттестатына ээ болуп, Ош облусу облустар арасында 2-орунду ээледи.
Быйылкы окуу жылында Ош облусунда 11-класс 13 894 бүтүрүүчү, 23 601 бүтүрүүчү 9-классты аяктоодо. Жалпы облус боюнча 263 639 окуучу билим алат.
Эскертүү: Ош облусунун аймагында акыркы коӊгуроо салтанатына карата Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жер-жерлердеги мектептерге барып, окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
Бүтүрүүчү класстарды өз алдынча эс алууга, кафе-ресторандарда отуруп, көӊул ачуусуна жана кымбат баалуу унаалар менен жол кыймылына тоскоол болуп жүрүүсүнө тыюу салына турганы эскертилет. Жол тескөөчүлөр тарабынан ар бир мектеп көзөмөлгө алынат. Учурда кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.