Талас шаарында жалпы 276 бүтүрүүчү 11-классты аяктайт

 Талас шаарында жалпы 276 бүтүрүүчү 11-классты аяктайт

Калаа башчы Эрмат Джумаев бүгүн, 25-майда Талас шаарындагы Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектеби жана Р.Я.Рысакова атындагы №2 орто мектебинин “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышты.

Шаар башчысы өз сөзүндө окуучуларга билим берүүгө бардык күч-аракетин жумшап, аларды тарбиялоодо жана окутууда кошкон салымы үчүн мугалимдерге терең ыраазычылык билдирип, аларга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана иштерине зор ийгиликтерди каалады. Ал эми мектеп бүтүрүүчүлөрүнө алдыдагы мамлекеттик сынактарды ийгиликтүү тапшырып, туура кесип тандоосуна тилектештигин билдирди.

Майрамдык иш – чара мектеп окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, быйыл окуу жылында Талас шаарындагы 9 орто мектептен жалпы 276 бүтүрүүчү 11-классты, 760 окуучу 9-классты аяктап жатат.

Связанный пост