Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

 Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Эльчибек Джантаев Ош облусундагы кырдаал боюнча чукул штаб өткөрүп, өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Бүгүн, облустагы кырдаалга байланыштуу КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев региондордо иш алып барып жаткан райондук мамлекеттик администрация башчыларына-акимдер жана Ош облустук Жарандык коргонуу кызматтарынын башчыларынын катышуусунда саат: 21:00 чукул жыйын уюштуруп, учурдагы кырдаалды талкуулады.

 

Онлайн режимде өткөн жыйынга облустук жетекчилер, жарандык коргонуу өкүлдөрү жана район жетекчилери катышты. Талкууда учурдагы кырдаал боюнча маалымат берилип, акыркы күндөрдө аткарылган иштер талдоого алынды.

 

ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу Замир Эрмаматов жалпы облустагы абалга сереп салып, өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча сунуш киргизди. Бул сунуш жарандык коргонуу өкүлдөрү тарабынан колдоо тапты.

 

Кырдаалды жана талкууланган жүйөлөрдү эске алуу менен КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл-облустук Жарандык коргонуунун башчысы Э.Н. Джантаевдин буйругу менен өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Эльчибек Джантаев аймактагы кырдаалга терең тынчсыздануусун билдирип, кырдаалды турукташтыруу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн макулдашылган иш-аракеттеринин зарылдыгын белгиледи.

Связанный пост