Ош облусунда үлгүлүү окуучулар сыйланды

 Ош облусунда үлгүлүү окуучулар сыйланды
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Ош облусунун 2022-2023-окуу окуу жылын жыйынтыгы менен билим берүүдөгү көрсөткүчтөрдү алдыга жылдырууга салым кошкон, ийгилик жаратып өзгөчөлөнгөн таланттуу окуучуларды, бүтүрүүчүлөрдү жана мугалимдерди жетишкендиктерин белгилеп, Ыраазычылык кат, Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады.
“Бүгүн 11 жыл бою көзүңөрдүн курчун кетирип, талбаган көп жылдык мээнетиңердин, окууга болгон жоопкерчиликтүү мамилеңердин үзүрүн көрүп отурасыңар. Ушул билимиңер келечекте силердин жашооңор үчүн бекем пайдубал болуп бере турганды көрүнүп турат. Элибизде эзелтен айтылган кеп бар, “Билим алуу ийне менен кудук казгандай” деген, жашооңорго урабас чеп болуп берүүчү билим алуунун жолу эми башталды, ошондуктан турмуштун нагыз даңгыр жолуна эми түшөсүңөр, ошол себептүү келечекте силерге туура багыт болуп берүүчү кесиптин ээси болууга умтулгула. Бийик максат тилектерди алдыга коюп, ошол тилектерге жетүүгө талыкпай аракет менен эмгектенгиле.
Бүгүнкү Сиздердин жемиштүү аракетиңиздердин жыйынтыгы жана жараткан ийгилигиңиздер кийинки өсүп келе жаткан муунга да үлгү болуп, билимдүү коомду түзүүдө чоң эмгек катары бааланат десем жаңылышпайм.
Себеби, өз акыл эмгегиңер, талыкпаган мээнетиңер менен берекелүү өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүүсүнө, туруктуулугуна жана эркиндигине чоң салым кошосуңар деген баарыбыздын аруу тилегибиз бар.”-деп облус башчысы өз куттуктоосун айтып, белектерин тапшырды.
Жыйындын аягында облус башчысы эркин баарлашууну сунуштады. Ата-эне, мугалим, окуучулар сунушту кубануу менен кабыл алып, билим берүү жаатында ойлорун ачык айтып, облус башчысы менен талкуулашты.
Эльчибек Джантаев илим менен техниканын өнүккөн заманында өлкөбүздүн келечеги билимдүү жаштардын колунда экендиги айтып, мамлекет башчыбыз билим берүү тармагына реформалоого комлекстүү чараларды көрүүнү колго алуу менен, билим берүү системасы кептелген кыйынчылыктарды жоюунун үстүндө толук кандуу аракеттерди көрүп жаткандыгы баса белигилеп райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына бир топ милдеттемелерди койду.
 – “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына өткөрүлүүчү сынактарга катышкан бүтүрүүчүлөрүбүздүн 20 пайызынан кем эмес шартта ийгилик жаратуусун камсыздоо;
 – Жалпы республикалык тестирлөөдө босого баллга жетпеген бүтүрүүчүлөрдүн санын кескин кыскартуу талабын жер-жерлерде коюу менен босого баллга жетүү менен жогорку окуу жайларга өтүүсүнө болгон тоскоолдуктарды жеңүү;
 – Республикалык олимпиадада активдүү эле катышпай, алдыңкы жана байгелүү орундуктарга жетишүүсүнө тиешелүү шарттарды жаратуу тапшырмалары.
 “Бул сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр үчүн коюлуп жаткан негизги тапшырмалар. Билим берүү тармагынын кандай багытын ишке ашырууну айтсаңыздар, мен сиздерди дайыма кош колдоп колдойм.”,- деп облус башчысы сөзүн жыйынтыктап, бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалады.
Жыйынга катышуучулар өлкө башчысы Садыр Жапаровдун билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын белгилешип, ыраазычылык билдиришти жана ошондой эле КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө ачык баарлашып жогоруда айтылган билим тармагын өнүктүрүүгө багытталган ойлору ишке ашуусуна тилектештигин билдиришип, ыраазычылыктарын айтышты,
Быйыл Ош облусу боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө жалпысынан 6627 бүтүрүүчү катышып, 1 окуучу «Алтын сертификатка», 20 окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына, 3 окуучу республикалык предметтик олимпиадада алдыңкы жана байгелүү орундарды багынтышты:
ЖРТнын “Алтын сертификат” ээси:
Айтмаматова Нурия
Кара-Суу районундагы А. Сматов атындагы орто мектебинин окуучусу.
 “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болгон окуучулардын тизмеси
Мадрахимова Шохидахон
Араван районундагы “Билим ордо” жоопкерчилиги чектелген коомунун мугалими;
Хажибуваева Салимахан
Кара-Суу районундагы Ч. Айтматов атындагы мектеп гимназиясынын мугалими;
Раимбердиева Кутубу  Өзгөн районундагы К. Раимбеков атындагы мектеп-гимназиясынын мугалими;
Алимбек кызы Нурайым  Кара-Суу районундагы В.Ленин атындагы орто мектебинин окуучусу;
Жапаров Ийгилик Озгонбайевич  Кара-Кулжа районундагы О.Сайдилкановдун автордук гимназия мектебинин окуучусу;
Маматова Адинай Назарбаевна
Алай районундагы С. Молдокулов атындагы орто мектебинин окуучусу;
Кумарбек уулу Акматбек
Алай районундагы Кадырмамат уулу Абдразак атындагы жатак мектебинин окуучусу;
Зайнабидинов Саидислам
Араван районундагы “Билим ордо” жоопкерчилиги чектелген коомунун окуучусу;
Абдуллаева Азиза
Кара-Суу районундагы Ч. Айтматов атындагы мектеп гимназиясынын окуучусу;
Суйюнбекова Жаңылай
Кара-Суу районундагы К.Жакыпов атындагы жатак-гимназиясынын окуучусу;
Токтобекова Айгиза
Кара-Суу районундагы К.Жакыпов атындагы жатак-гимназиясынын окуучусу;
Урустамов Руслан
Кара-Суу районундагы К.Жакыпов атындагы жатак-гимназиясынын окуучусу;
Абдраимов Элхан
Кара-Суу районундагы К.Жакыпов атындагы жатак-гимназиясынын окуучусу;
Нуртилек уулу Аззамбек
Ноокат районундагы “Ноокат билимканасы” жатак-лицейинин окуучусу;
Тынчтыкбекова Зуура
Ноокат районундагы “Ноокат билимканасы” жатак-лицейинин окуучусу;
Абдырахманов Олжобай
Ноокат районундагы “Ноокат билимканасы” жатак-лицейинин окуучусу;
Жаркынбаева Мадина
Ноокат районундагы “Ноокат билимканасы” жатак-лицейинин окуучусу;
Сүйүмбеков Самат
Ноокат районундагы “Ноокат билимканасы” жатак-лицейинин окуучусу;
Тешебаева Назима
Ноокат районундагы “Ноокат билимканасы” жатак-лицейинин окуучусу;
Таабалдиева Феруза
Ноокат районундагы “Ноокат билимканасы” жатак-лицейинин окуучусу;
Абдумаликова Диана
Ноокат районундагы “Ноокат билимканасы” жатак-лицейинин окуучусу;
Назаралиев Азимбек
Ноокат районундагы “Ноокат билимканасы” жатак-лицейинин окуучусу;
Бапышова Нурсулуу
Өзгөн районундагы К. Раимбеков атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу;
Сайдалиева Гулиза
Өзгөн районундагы А. Тангатаров атындагы жатак-гимназиясынын окуучусу;
Абдимиталипова Мадина
Өзгөн районундагы Б.Асранкулов атындагы орто мектебинин окуучусу;
Эргешева Акылай
Өзгөн районундагы А.Маматов атындагы орто мектебинин окуучусу;
 Республикалык предметтик олимпиадада ийгилик жараткан окуучулардын тизмеси
 Алимбек кызы Нурайым
Кара-Суу районундагы В.Ленин атындагы орто мектебинин окуучусу (кыргыз тили жана адабияты, 1-орун);
 Жапаров Ийгилик Озгонбайевич
Кара-Кулжа районундагы О.Сайдилкановдун автордук гимназия мектебинин окуучусу (география, 2-орун);
 Маматова Адинай Назарбаевна
Алай районундагы С. Молдокулов атындагы орто мектебинин окуучусу (англис тили, 3-орун);

Связанный пост