«Ош» эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөргө жагымдуу шарт түзүү үчүн ондоп түзөө иштери жүрүүдө

 «Ош» эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөргө жагымдуу шарт түзүү үчүн ондоп түзөө иштери жүрүүдө
«Ош» эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдү жана алардын жүгүн текшерүү үчүн ошондой эле жагымдуу шарттарды түзүү үчүн аэробекеттин имаратында реконструкциялоо иштери башталды.
Ондоп-түзөө иштеринин 1-этабында жаңы технологиялык жабдууларды – автоматташтырылган каттоо эсептегичтерин жана жүктү жөндөөчү техникаларын жаңыртуу иштери жүргүзүлөт.
Мындай иш-чараларга байланыштуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААК – «Ош» эл аралык аэропортунун жүргүнчүлөрүнөн учурдагы каттоо пункттарын жана жүктү кол менен убактылуу жөндөөнүнү, ошондой эле учуп кетүү жана учуп келүү учурунда ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабылалуунуздарды өтүнөбүз.
Биздин максат эл аралык аэропортту стандартка шайкеш келтирип, коноктор жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү.
Реконструкциялоо иши 2 айга уланат, учурда жумуш ыргагы кызуу жүрүүдө.

Связанный пост