Нарын шаарында 9 кабаттуу ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Бүгүн, 16-апрелде Нарын шаарынын РТС аймагында 9 кабаттуу ипотекалык турак үйдун курулушу башталып, капсула салуу аземи болду. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Иш чарага КР Президентинин иш башкаруучусу К.Туманбаев, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун жетекчиси А.Шыкмаматов, КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Н.Орунтаев, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешов, Нарын шаарынын мэри К.Тутуев жана Нарын шаарынын коомчулугу катышты.
КР Президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык жакынкы жылдарда бардык муктаж адамдар турак жай менен камсыз болоорун белгилеп, Нарын шаарында курулушу башталган турак үй жылдын аягына чейин бүткөрүлөөрүн маалымдады. Ошондой эле жакында Кочкор районунда 8 блоктон турган 5 кабаттуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталаарын айтты.
Белгилей кетсек, 9 кабаттуу, 4 болоктон турган 216 батирлүү ипотекалык турак үйдүн жалпы сметалык баасы 747 миллион сомду түзөт. Каражат “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунан каржыланат. “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунун, Нарын шаардык мэриясынын жана “Мамлекеттик ипотекалык компаниянын” ортосунда үч тараптуу финансылык келишим түзүлүп, “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан алгачкы каражаттар Мамлекеттик ипотекалык компанияга которулуп берилди.
Батирлердин акчасын элибиз 25 жыл ичинде “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна ай сайын бөлүп төлөө жолу менен төлөп беришет. Ипотекалык компания ал каражатты “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондуна кайтарат. Батирлер үчүн болжол менен тургундар айына чарчы метрине жараша 6 миң сомдон 12 миң сомго чейин төлөшөт. Турак үйдүн 72 батири 1 бөлмөлүү, 72 батири 2 бөлмөлүү жана 72 батири 3 бөлмөлүү болуп курулаары пландалган.
Буюрса турак үйдүн курулушу 1 жылдын ичинде толугу менен аяктап, үйлөрдүн ачкычтары электрондук кезекте турган шаар тургундарына тапшырылаары күтүлүүдө.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын март айында Нарын шаарына болгон иш сапарында шаар тургундарына ипотекалык үй куруу чечимин чыгарып, ошол эле күнү тапшырмаларды берген.
Анын негизинде Нарын шаарынын РТС аймагынан 9,4 гектар жер аянты бөлүнүп берилип, турак-жайдын долбоордук-сметалык документтерин даярдоо жумуштары башталган.
Облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун көзөмөлү менен документтери толук бүткөрүлүп, суу, электр энергиясы тартылып, курулуш ишине даярдыктар жүргөн.
Калкты ипотекалык турак үйлөр менен камсыздоо муну менен эле чектелбейт. Алдыда муктаждыкка жараша райондордун борборлоруна, айылдарга көп кабаттуу ипотекалык үйлөрдү куруу мерчемделүүдө.

Связанный пост