“Ош” аэропортунун аэробекетинин курулушу 2026-жылдын апрелинде бүтөт

“Ош” эл аралык аэропортунун аэробекетинин курулушу 2026-жылдын апрелинде бүтөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, учурда аэробекеттин курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Долбоорго жалпысынан 17 млн АКШ доллары каралып, аны Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги ишке ашырып жатат.
“Жаңы курулуп жаткан аэробекет эл аралык каттамдарга колдонулат. Ал эми учурдагы эски аэробекет ички каттамдарга колдонулат. Жаңы аэробекет заман талабына жооп берген жабдуулар менен жабдылат. Аэробекеттин өзүнүн шыбында электр энергиясын үнөмдөөчү жабдуулар орнотулат”,-деди Самидинов.
Самидинов белгилегендей, жаңы аэробекет эки кабаттуу болуп, жер төлөсү менен курулат. Жалпы аянты 25 миң 443 чарчы метрди түзөт. Жаңы терминалда жүргүнчүлөр үчүн кенен зал, заманбап каттоо жайлары, фуд-корт, эс алуу жайы, автоматташтырылган 650 орундуу унаа токтотмо жана башка ыңгайлуу шарттар каралат.