“Торугартта” жүк ташуучу унаалардын саны көбөйдү

 “Торугартта” жүк ташуучу унаалардын саны көбөйдү

“Торугарт” өткөрүү пунктунда бажы жол-жоболорун тездетүү жана жүк ташуучу унааларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер улантылууда.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, жол-жоболордун ырааттуулугу кайра каралып, кайталанган баскычтар алып салынган. Ошондой эле 2026-жылдын июль айында жүк ташуучу унаалар үчүн алты тилке пайдаланууга берилип, “Интеллектуалдык өткөрүү пункту” системасы ишке киргизилген.

“Көрүлгөн чаралардын натыйжасында бардык документтери даяр болгон жүк ташуучу унаалар мамлекеттик контролдун бардык түрлөрүнөн орточо 10 мүнөттө өтүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда “Торугарт” өткөрүү пункту аркылуу өткөн жүк ташуучу унаалардын саны кыйла өстү. Эгерде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында пунктка суткасына орточо 359 жүк ташуучу унаа келсе, октябрь айында бул көрсөткүч 538 унаага жетти. Башкача айтканда, өткөрүү пунктуна түшкөн жүк болжол менен 50 пайызга көбөйдү.

Связанный пост