Бишкекте жылуулук берүү башталды

 Бишкекте жылуулук берүү башталды

Бишкек шаарында бүгүнтөн тартып турак үйлөргө жана башка объектилерге жылуулук бериле баштады.

Мэриядан билдиришкендей, саат 13:00гө карата “Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы тейлеген объектилердин 16%ы жылытуу системасына кошулду.

“Алгач жылуулук мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан соң жылуулук карызы жок жана кышка даярдыгы тастыкталган турак үйлөргө, ишканаларга жана мекемелерге кошулат”, – деп айтылат маалыматта.

Ишкана жылуулук системасын жөнгө салуу жана жабдууларды текшерүү бир нече күнгө созулушу мүмкүн экенин эскертти. Бул убакта ысык суу убактылуу үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

Жылуулук же ысык суу узак убакытка берилбесе, шаар тургундары төмөнкү номерлерге кайрыла алышат:

  • 0557 61-11-66;
  • 0777 61-11-66;
  • 0701 61-11-66;
  • 0312 61-11-69.

“Кыргызтелекомдун” абоненттери үчүн 1980 номери акысыз.

Связанный пост