Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын сезондук жабылышы өттү

25- июнь күнү Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында 88 театралдык сезондун жабылышы жана “Театр жылдызы”сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.
Аталган сыйлык театр тарабынан биринчи жолу уюштурулуп, анда иштеген бир катар чыгармачыл инсандарга тапшырылды.
Номинациялар боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Мыкты актриса номинациясы: “Сүйүү жана көгүчкөндөр”спектаклиндеги Раисанын ролу үчүн Вера Анисимовага ыйгарылса, сахналаштыруу бөлүгүнүн мыкты адиси номинациясы: Реквизитордук цехтин башчысы Ольга Сатина берилди.
Көркөм кеңештин сыйлыгы номинациясы: Сахнадагы чеберчилиги үчүн актриса-
Марина Фалман ээ болду.
Директор Сергей Бардаковдун сыйлыгы: Труппа башчысы Артем Бруного берилсе, театрдын көркөм жетекчиси Виттих Вячеславдын сыйлыгы:
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Анатолий Адалиге тапшырылды.
Көрүүчүлөрдүн симпатиясы сыйлыгы: “Куурчактар”спектаклинде Брандохлисттин ролун мыкты ойногону үчүн Михаил Калюжныйга ыйгарылды. Ал эми, мыкты эркектин ролу номинациясы: Дмитрий Балбекинге берилди.

Связанный пост