Омск шаарынан 19 компания Кыргызстанда өнөктөш издеп жатышат

Кыргызстанга Россия Федерациясынын Омск облусунан делегация келди.
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы Омск облусунун Соода-өнөр жай палатасы менен кызматташтыкта Россия Федерациясынын ишкер чөйрөлөрүнүн Ош жана Бишкек шаарларына сапарын уюштурушту. ИШ-чара 18-21апрелине чейин өтөт. Омск делегациясынын курамына айыл чарба техникасын өндүрүүгө, стандарттуу эмес технологиялык жабдууларды жана программалык продуктуларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө, тигүү өндүрүшүнө, дан соодасына, макарон азыктарын өндүрүүгө, үрөн өндүрүүгө, саламаттык сактоого, билим берүүгө, туризмге жана башкаларга адистешкен 19 компаниянын өкүлдөрү кирет. Иш сапардын алкагында Ошто бизнес-форум болуп, анда эки өлкөнүн ишкерлери өздөрүнө бизнес-өнөктөш таап, келишим түзө алышты. Мындан тышкары, Бишкекте өнөктөштөрдү издөө жана сооданы өнүктүрүү максатында россиялык жана Кыргыз компанияларынын ортосунда бизнес-форум өткөрүү пландаштырылууда.

Связанный пост