Окуу жылын 1-сентябрдан баштоо жөнүндө буйрукка кол коюлуп, мектеп каникулдарынын графиги бекитилди

 Окуу жылын 1-сентябрдан баштоо жөнүндө буйрукка кол коюлуп, мектеп каникулдарынын графиги бекитилди

2023-жылдын 16-августунда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” №4882/1 Буйрукка кол койду.

Буйрукка ылайык, түрлөрүнө жана менчиктик таандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2023-2024-окуу жылы 1-сентябрда башталып, 2024-жылдын 25-майында аяктайт.

 

2023-2024-окуу жылына мектеп каникулдарынын графиги бекитилди:

– күзгү каникулдар – 7 календардык күн: 2023-жылдын 6-ноябрынан 12-ноябрына чейин созулуп, сабактар 2023-жылдын 13-ноябрынан башталат;

– кышкы каникулдар – 14 календардык күн: 2024-жылдын 1-январынан 14-январына чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 15-январынан башталат;

– жазгы каникулдар – 11 календардык күн: 2024-жылдын 21-мартынан 31-мартына чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 1-апрелинен башталат.

Биринчи класстардын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумага жазгы каникул күндөрү узартылат.

Связанный пост