Нурланбек Тургунбек уулу: Айыл чарба тармагынын өнүгүшү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо өзгөчө мааниге ээ

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Москва районундагы иш сапарынын алкагында “КФХ Таштан” дыйкан чарбасынын ишмердүүлүгүнөн кабар алды.

Малды асылдандыруу, тоют камсыздоонун заманбап ыкмаларын өнүктүрүү жана жаңы үлгүдөгү мал багуу жайларын салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди көрүп чыккан Төрага: “Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан, мал чарбасын жана дыйканчылыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Айрыкча аталган багыттагы заманбап ыкмаларды өздөштүрүп, малды асылдандыруу жана аларды үзгүлтүксүз тоют менен камсыздоо ишине астейдил мамиле жасашыбыз зарыл. Себеби, эски салттуу чарбачылыгыбызды уланта берсек, азык-түлүк коопсуздугуна жетишүүдө көйгөйлөргө тушугушубуз мүмкүн”, – деди.

Муну менен катар эт жана сүт азыктарын даярдоодо мындай ири ишканалардын орду чоң экенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу фермадагы малдын санын көбөйтүүгө жана экологиялык таза азыктарды өндүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылчылыгына токтолду.

Ошондой эле тармакты алдыга жылдырууга мамлекет да колдоо көрсөтүшү керектигин белгилеген Төрага: “Айыл чарбасы өнүккөн дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө да дыйкан-фермерлер дотацияда. Себеби айыл чарбасы эмгекке эле эмес, табияттагы өзгөрүүлөргө да түздөн-түз көз каранды. Бир жылы аба ырайы жакшы болуп, түшүм мол болсо, кээде жаратылыштагы кубулуштар дыйкан-фермелерге зыянын тийгизип коюшу мүмкүн. Ошондуктан, мамлекет өз учурунда жардам көрсөтүп, ар тараптан колдоп турушу кажет”, – деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, “КФХ Таштан” көп тармактуу дыйкан чарба катары дан эгиндерин өстүрүү, мал багуу, тоют өндүрүү, сүттү кайра иштетүү өңдүү жумуштар менен алектенет. Учурда европалык заманбап стандартка жооп берген жаңы жай салынып, анда чет өлкөдөн алынган сүт багытындагы уйларды багууну пландаштырууда.

Связанный пост