Нурланбек Шакиев: Улуттук илимдер академиясы толук реформалоого муктаж

Бүгүн, 20-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Улуттук илимдер академиясына барып, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун, ошондой эле академик А.А.Алтымышбаев атындагы   Философия институтунун ишмердүүлүгү менен таанышты.  Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады.

Андан соң Улуттук илимдер академиясынын жалпы жамааты менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту.

Жолугушууда илимдин орду өзгөчө экенин белгилеген Төрага Нурланбек Шакиев: «Азыркы илим менен техника тездик менен өнүгүп жаткан доордо бардык тармактардагы жетишкендиктердин башатында илимий ачылыштар турары анык. Андыктан, кыргыз окумуштуулары да атаандаштыкта иш алып барып, жаратмандык менен илимге өз салымдарын кошуусу керек. Азыркы тапта Улуттук илимдер академиясы чоң реформага муктаж экени баарыбызга белгилүү. Ишмердүүлүгү толук каралып чыгып, заман талабына жооп берген илимий изилдөөлөрдүн чордонуна айланышы зарыл. Илимге көңүл бурулбаса, башка тармактарды өнүктүрө албайбыз. Ал тургай экономикабыздын илимге негизделбегендигинин айынан көйгөйлөр көп болгонун көрүп жатабыз», – деди.

Ошондой эле Улуттук илимдер академиясын реформалоо үчүн тармакты тейлеген министрликке өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айткан Жогорку Кеңештин Төрагасы: «Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчадан баштап, мектептерди, кесиптик лицейлерди, жогорку окуу жайларын, Улуттук илимдер академиясын жана башка билим берүү, илим изилдөө мекемелерин тейлейт. Бирок бирине жетишсе, бирине жетишпей, ири реформаларды ишке ашыра албай келет. Андыктан, бала бакча менен мектептерди өзүнчө, ал эми жогорку окуу жайлары менен илим изилдөө тармагын өзүнчө тейлеген эки министрлик түзүү зарыл деп эсептейм», – деп кошумчалады.

Муну менен катар жыйын суроо-жооп иретинде уланып, Улуттук илимдер академиясында эмгектенгендердин айлык маянасы өтө аз экени негизги көйгөй катары көтөрүлдү. Андан тышкары, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана академиянын материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелери да айтылды.

Төрага Нурланбек Шакиев айтылган ар бир маселе боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөрүн белгилеп, анын ичинен окумуштуулардын айлык маянасын жогорулатуу талабына өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

Ошондой эле Төрага академияда сакталып турган тарыхый кол жазмаларды санариптештирип, кам көрүү керектигине токтолду.

Жолугушуунун алкагында Нурланбек Шакиев Улуттук илимдер академиясына заманбап компьютер каражаттарын белек кылды.

Связанный пост