Нурланбек Шакиев иш сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы иш сапары башталды.

Алгач төрага Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагын аралап өткөн Кербен-Үч-Коргон-ГЭС автоунаа жолунун абалы менен таанышты.

Алсак, аталган жолдун жалпы узундугу 72 чакырымды түзүп, өткөн жылы анын 5,1 чакырымына асфальт төшөлгөн. Бул үчүн капиталдык салымдар беренесинен 39 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Ал эми быйыл жолду асфальттоо иши дагы уланып, айрым бөлүгү асфальт төшөө үчүн даярдалууда.

Нурланбек Шакиев жергиликтүү эл менен да жолугушуп, Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолунун аймак үчүн эле эмес, жалпы өлкө үчүн мааниси чоң экенин белгиледи.

“Бул жолдун жасалышы чөлкөмдүн социалдык-экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүп, элет элинин жашоосун жакшыртууга жардамчы болот. Андыктан быйыл республика боюнча 750 чакырымдан ашуун жол жаңыланып, жалпы Аксы районунда эле 26 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Анын ичинен Сары-Челек көлүнө каттаган эс алуучуларга жана туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында быйыл 7,5 чакырым жолу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Кийинки жылы дагы аталган биосфералык корукка бара турчу 9,5 чакырым жол асфальтталат”, – деди.

Ошондой эле өлкө башчысы тарабынан 2030-жылга чейин айыл аралык жолдорду толук жаңылоо тууралуу тапшырма коюлганын эске салган Төрага анын ичинен эки жыл аралыгында Аксы районундагы негизги жолдордун баары оңдолуп бүтөрүн баса белгиледи.

Муну менен катар жергиликтүү жетекчилерди жана жолду жаңылап жаткан ишкананын өкүлдөрүн сапатка тыкыр көзөмөл кылууга чакырып, эгер мүчүлүштүктөр кетсе мыйзам алдында жооп беришерин эскертти.

Андан тышкары, өлкөдө жасалып жаткан реформаларга токтолуп: “Мамлекеттин байлыгын өлкөнүн өнүгүшүнө жумшап, коррупцияга бөгөт коюп, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, салык саясатын, бажы тармагын жөнгө салуу менен казынабызды дагы көбөйтөбүз. Алсак, азыркы тапта Аксы районундагы Кум айылында 120 орунду бала бакчанын курулушу башталса, Жар-Башы айылында 250 орундуу мектептин имараты салынууда. Мындай иштер дагы уланып, жолдор оңдолуп, жаңы социалдык мекемелер жана өндүрүштүк жайлар курулат”, – деди төрага.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, жергиликтүү аксакал айылдагы таза суу маселесин чечүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Төрага Бишкек шаарына кайтары менен аталган маселе боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырма берерин айтып: “Элдин саламаттыгы ичкен таза суусунан түздөн-түз көз каранды. Андыктан, бул маселе сөзсүз чечилиши керек. Буйруса бир-эки жыл аралыгында бул айыл аймагын таза суу менен толук камсыздайбыз” – деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, төраганы транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу, Аксы райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Замирбек Сыдыков баштаган жетекчилер коштоп жүрдү.

Связанный пост