Ноокенде милициянын аймактык заманбап пункту курулду

 Ноокенде милициянын аймактык заманбап пункту курулду

Элге сервистик тейлөө көрсөтүү максатында Момбеков айыл аймагында Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык пункту курулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, имаратка 4 сотых жер ажыратылып, Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтү тарабынан каржыланган.

“Милиция пункту Бишкек-Ош автожолунун боюнда жайгашып, трасса аркылуу каттаган сырткы жана ички туристтердин, жергиликтүү тургундардын кайрылууларын кабыл алат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, ммараттын сыртына видеокамералар орнотулуп, нөөмөттө турган кызматкер көзөмөлдөнгөн компьютерге туташтырылган.

Милициянын аймактык пункту жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.

Связанный пост