Ноокатта дыйкандарга жеңилдетилген баада күйүүчү май берилүүдө
Ош облусунун Ноокат районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Райондук акимчиликтен алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күнгө карата район боюнча 1 700 гектар жер аянтындагы дан эгиндери жыйналды.
Орточо түшүмдүүлүк:
- буудай — гектарына 32,2 центнерден;
- арпа — гектарына 27 центнерден айланууда.
Талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпай өз убагында бүткөрүү үчүн мамлекет тарабынан тиешелүү шарттар түзүлүүдө. Учурда мамлекет тарабынан дыйкандарга жеңилдетилген баада — литри 81 сомдон дизелдик күйүүчү май берилүүдө.
Белгиленгендей, оруп-жыйноо иштерине жалпысынан 36 даана комбайн тартылган.