Ноокатта 190 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди
2021-жылы курулуп башталган мектеп бүткөрүлүп, колдонууга берилди.
Ноокат районунуна караштуу Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кургак-Тектир айылындагы мектебинин курулушу 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, кубаттуулугу 190 орунга ылайыкталган. Мектепте замандын талабына жооп берген компьютердик класс, жөнөкөй кабинеттерден сырткары атайын физика, биология, химия кабинеттери жана лабораториялар бар. Окуучулар үчүн кол эмгек жана ар түрдүү кружокторду өткөрүү үчүн чоң кабинеттер каралган.
Жана ошондой эле жаңы билим уясында китепкана, ашкана, гимнастикалык зал каралган.
Мектептин аянтында ар түрдүү спорт оюндары үчүн аянтчалар курулду.