Ноокат районунун акими алмашты
Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Шейшеканов Данияр Турдубекович жеке арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал эми Керимкулов Нурлан Бейшенбекович Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.