Нарында тарыхка из калтырган ата-бабалар эскерилди
Бүгүн, 7-ноябрда Нарын шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш чара өткөрүлдү.
Иш чарада кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү, ɵсүп-ɵнүгүшү үчүн кан-жанын берип, тарыхта татыктуу из калтырып кеткен ата-бабалар эскерилип, алардын жаркын элесине арналып куран окулду.
19-кылымдын башында кыргыздан чыккан баатыр, мекенчилдиктин жана атуулдуктун чыныгы үлгүсү Тайлак баатырдын, Октябрь революцияынын жеңишине зор салымын кошкон Таабалды Жукеев-Пудовкиндин жана мамлекеттик, партиялык саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин айкелдерине гүлчамбарлар коюлду.
Эскерүү иш чарасында Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурбек Сатаров Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнүн мааниси терең экендигин баса белгилеп, кыргыз тарыхынын ар бир доорунда кыргыздын жүрɵгүндɵ жалыны бар мекенчил уулдары эл-жерибизди душмандардан коргоп, мамлекеттүүлүгүбүз үчүн күрɵшүп олтуруп ушул күндү бизге жеткиришкенине токтолду.
Кыргыз тарыхынын акыркы жүз жылдыгын эле алсак, Улуу Үркүн окуясы, Октябрь революциясы, 1937-1938-жылдардагы репрессия, Улуу Ата Мекендик согуш, Эгемендикти алгандан кийинки революциялар кыргыз элинин тагдырын, турмушун түп тамырынан бери ɵзгɵрткɵн урунттуу окуялар болгонун, ата-бабаларыбыз ошол окуяларда мекенди коргоо, элдин жыргалчылыгы, намысы, эркиндиги үчүн кашык каны калганча салгылашып, жаркын келечекке жол ачып беришкенин сыймыктануу менен эскерип, эгемендигибизди, мамлекетибизди кɵздүн карегиндей аздектеп, кийинки урпактарга ɵткɵрүп берүүгɵ, ушул күндүн маанисин жаш муундарга туура түшүндүрүүгɵ милдеттүү экенибизди белгиледи.
Эскерүү иш чарасында Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Рахат Орозбаев, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Афтандил Молдосалиев тарыхый күндүн маанисине кенен токтолушту.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.