Нарында ишкерлерге 36 млн сом жеңилдетилген насыя берилди
Ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан жергиликтүү ишкерлерге 6 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилди.
Тактап айтканда, “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңеши тарабынан облустун аймагында ишкердик жүргүзгөн “Жыргал” туристтерди тосуучу үй лагерине, “Бай-Төр” эс алуу борборуна, “Ангус” пародасындагы эт багытындагы уйларды өстүрүүгө, сүт багытындагы уйларды сатып алып, чийки сүттүн көлөмүн жогорулатууга, ак мрамор (доломит) ташын кайра иштетүүчү заводго кошумча техникаларды сатып алууга долбоорлор жактырылып, жалпы суммасы 36 миллион 778 миң сомдук каржылоо болду. Насыялар “Керемет” банкы аркылуу жүргүзүлдү. Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов каражаттардын сертификаттарын тапшырып, ишкерлерге ийгилик каалады.