Баткен шаарында нан баасына мониторинг жүргүзүлдү

 Баткен шаарында нан баасына мониторинг жүргүзүлдү
2023-жылдын 12-октябрь күнү Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери, Баткен шаарынын мэриясынын пресс катчысы Аскар Баймуратов менен биргеликте 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан азыктарына, тандыр нан, бөлкө нандын бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Сатуучуларга нандын
максималдуу деңгээли белгиленген баадан ашырбай сатуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Нандын максималдуу деңгээли 1 кг. дүң баасы 56,5 сомдон, чекене баасын 65,0 сом, нан азыктарына (тандыр нан) дүң баасы 99,0 сом жана чекене баалары 116,0 сомдон белгиленген.
Мониторингдин жүрүшүндө «Атаандаштык жөнүндө» жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын ишке ашыруунун алкагында түшүндүрмөлөр берилди.
Нан бааларына мониторинг Баткен облусунун башка райондорунда да уланат.

Связанный пост